Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тирүү жандыктардын булчуңдарын кыймылга келтирүү аркылуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, адамдын (жандыктын) алы, дарманы, кубаты, бир нерсе кылууга, иштөөгө жарамдуулугу. Алтымышка жаш жетти, Энеңден кайрат, күч кетти («Кедейкан»). Адамдар ушул бүткүл тоону оодарып салууга да күчтөрү жетет (Сасыкбаев). Мына күчүм – курулушка жумшаймын (Токомбаев). 2. Адамдын акыл-ой ишине жөндөмдүүлүгү, шыгы. Бул кезде күчүн жайып билим кенин, Кези экен кадаланып казып жаткан (Турусбеков). Акылайга окшобой калабы дейм, Акындык күчүм менин жетпей турат (Турусбеков). 3. Ишти, жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгү. Бир нерсенин кыймылынын, жүрүшүнүн, таасиринин деңгээли, кубат, энергия, кайрат. Эр паровоз күчкө келип, Адыр, кырды аттаган (Бөкөнбаев). Желаргыны да жумушка кошсо көп күч кирет (Убукеев). Аялдар зор күч экендиги шахтадан дале сезилет (Сасыкбаев). 4. Укук, укуктуулук, таасирдүүлүк. Мыйзам өз күчүн жоготту. Акчанын күчү. 5. Бийлик, кудурет, таасир. Кантейин, жазмыш күчү уруксат бербейт, Заманга иштер элем далайга өлбөй (Осмонов). Коллективдин күчү. 6. Мүмкүнчүлүк, шарт, чама. Кымбат баалуу тамактарды сатып жешке күчүм жетпейт (Абдукаримов). 7. Кандайдыр бир ишкердүүлүктүн, күчтүүлүктүн, таасирдин булагы. Белгисиз күч кирпигимди көтөрүп, Уктатпады, уйкум эске келбеди (Токомбаев). Эл – тарыхты түзүүчү, коомдук өнүгүүнүн башкы күчү («Кыргыз Руху»). 8. Өз ишинде кандайдыр бир мүнөздүү өзгөчөлүктөргө же багытка ээ болгон коомдун бөлүгү. Өндүрүштүн кыймылдаткыч күчтөрү. Тынчтык үчүн күрөшкөн күчтөр. 9. Аскерлер, кандайдыр бир өндүрүштүк коллективге бириккен адамдар тобу, бирдей кесиптеги адамдар. Куралдуу күчтөр. Деңиз күчтөрү. Артисттик күчтөр. 10. Эмгек, кызмат, жардам. Ичип турат сүтүңдү, Көрүп турат күчүңдү (Тоголок Молдо). Кээ бир иштерди акчага шылтабай өзүбүздүн күч менен бүтүрүшкө болбойбу? (Сыдыкбеков). 11. Өтө көп, күчтүү, кыйын, катуу. Кыялы бузук, заары күч, Ал Көкдөөдөн күдөр үз («Эр Төштүк»). Мейли, болсун капкараңгы түн айсыз, Мейли, болсун бороону күч ызгаар кыш (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күчөө, күчөй баштоо, күчтүү, кубаттуу болуу, көбөйүү. Жусупакундун кылыктары жөнүндөгү сөздөр күч ала баштады (Жантөшев). Уламдан улам шамал күч алат. Бороон күч алып, толкундар төө өркөчтөнүп жээкке урунуп жатты («Кыргызстан маданияты»). В.: Күчаладай күч алуу. Булар эми күчаладай күч алган экен го (Жакыпбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсеге же бирөөгө көбүрөөк басым жасоо, ага оордук, кыйынчылык келтирүү, көбүрөөк таянуу. Бугимов папироско күч келтирип, дале ары-бери басып турат (Сасыкбаев). Көзүнө күч келтирип ыйлай берди («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсеге же бирөөгө көбүрөөк басым жасоо, ага оордук, кыйынчылык келтирүү, көбүрөөк таянуу. Бугимов папироско күч келтирип, дале ары-бери басып турат (Сасыкбаев). Көзүнө күч келтирип ыйлай берди («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮЧ КОЛДОНБОО ПРИНЦИБИ – мамлекеттер ортосундагы мамилеге күч колдонууга жана коркутуп-үркүтүүгө тыюу салынгандыгын билдире турган эларалык укуктун негизги принциптеринин бири. К. к. п. алгачкы ирет 1928-жылдын 27-августундагы Париж келишими (Бриана-Келлога пактысы) аркылуу бекитилген. БУУ Уставы, баскынчылык согуштарына тыюу салуу менен эле чектелбестен, мамлекеттердин аймактык колтийгистигине жана саясий көзкарандысыздыгына каршы кайчы келген эларалык мамилелерге коркунуч туудуруучу БУУ максаттарына ылайык келбеген аргандай аракеттерге тыюу салат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮЧ КОЛДОНУП ЖЕ ПСИХИКАЛЫК МАЖБУРЛОО – кылмыш-жаза укугундагы кылмыш жосунун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. Эгер өзүнүн иш-аракетин колго алалбай калган учурда күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында кылмыш-жаза коргой турган кызыкчылыкка зыян келтирүү кылмыш катары саналбайт. Өз иш-аракетин колго алууга мүмкүнчүлүгү бар жагдайда күч колдонуп же психикалык мажбурлоо болгон учурда, кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маселе КР кылмыш-жаза мыйзамдарын эске алуу аркылуу чечилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыздын ата-энеси менен бирге жашаган күйөө, өзүнчө үй-жайы жок күйөө бала. Күч күйөө жатканын калыңга тогойт (макал). Чоңдун катын-баласынан өйдө илээлүү келчи эле, сени менден ажыратып, күч күйөөгө айлантпасын (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыздын ата-энеси менен бирге жашаган күйөө, өзүнчө үй-жайы жок күйөө бала. Күч күйөө болуп кирем деп, Кызын бекер алам деп («Олжобай менен Кишимжан»). Күч күйөө жатканын калыңга тогойт (макал). Чоңдун катын-баласынан өйдө илээлүү келчи эле, сени менден ажыратып, күч күйөөгө айлантпасын (Бейшеналиев). Бир аялдын үйүндө жүрөт. Ошого күч күйөө болуп кирип алат имиш (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аялынын ата-энесиникине башы менен биротоло кирип берүү. Күч күйөө болуп кирем деп, Кызын бекер алам деп («Олжобай менен Кишимжан»). Ырас кылыпсың, күч күйөө болуп, оңой оокатты тапкан окшойсуң (Эшмамбетов). Күч-күйөө болуп жүрөсүң, Калмырзага тийишип (Калмырза).